Кыргызстанда жумушсуз жарандардын саны боюнча Жалал-Абад облусу алдынкы сапта. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуз жарандардын саны (тиешелүүлүгүнө жараша) аталган облуста 12 116. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги билдиргендей, 1-августка карата өлкөдө жумушсуз деп каттоодо тургандардын саны 93 300 адамды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 пайызга аз. Мамлекеттик иш менен камсыз кылуу органдарында катталган жумушсуз жарандардын саны башка облустарда төмөндөгүдөй:
Баткен: 5805 адам
Ысык-Көл: 4372 адам
Нарын: 6438 адам
Ош: 11 728 адам
Талас: 2239 адам
Чүй: 5710 адам
Бишкек шаары: 7217 адам
Ош шаары: 2286 адам
Катталган жумушсуз жарандардын 51,7 пайызын аялдар түздү.