Дастан Бекешев жарандардын каттарына өз учурунда жооп бербеген чиновниктерди жоопко тартууну сунуштады

Парламент депутаты Дастан Бекешев жарандардын электрондук кайрылууларына өз маалында жооп бербеген чиновниктерге айып пул салуу демилгесин көтөрүп чыкты. Бул үчүн бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик түзүмдөр жана жергиликтүү бийлик органдары жарандардын каттарын 14 күндүн ичинде кароого милдеттүү. Бекешев белгилегендей, мыйзамда чиновниктердин бул эрежени бузса кандай чара көрүү жагы каралбай калган. 

Айта кетсек, Бекешев жарандар менен активдүү иштешкен депутаттардын бири. Депутат буга чейинки маектеринде “Күнүгө жарандардан түшкөн бир нече катты окуп чыгам жана алардын баарына жооп берүүгө аракеттенем. Эл өкүлү болгон соң алар менен тыгыз байланышта болууну жактырам” деп айтканы бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан