Кыргызстанда көпчүлүк аткаминерлер 2013-жылкы кирешелери жана үй мүлкү боюнча декларация тапшырышты. Алардын катарында өкмөттүн курамы да бар. Документтеги маалыматка таянсак, министрлердин ичинен былтыр эң көп киреше тапканы - экономика министри
Темир Сариев. Кайсы министрдин канча киреше тапканы төмөндө.
Темир Сариев, экономика министри: 1 миллион 590 857 сом
Камила Талиева, маданият, маалымат жана туризм министри: 1 миллион 092 695 сом
Ольга Лаврова, каржы министри: 1 миллион 080 826 сом
Кубатбек Боронов, өзгөчө кырдаалдар министри: 732 945 сом
Алиясбек Алымкулов, эмгек, миграция жана жаштар министри: 698 635 сом
Эрлан Абдылдаев, тышкы иштер министри: 603 031 сом
Динара Сагынбаева, саламаттыкты сактоо министри: 475 262 сом
Чыңгысбек Узакбаев, айыл чарба жана мелиорация министри (мурунку): 469 552 сом
Осмонбек Артыкбаев, энергетика жана өнөр жай министри: 447 900 сом
Алмамбет Шыкмаматов, юстиция министри: 395 824 сом
Канат Садыков, билим берүү жана илим министри: 369 260 сом
Кудайберген Базарбаев, социалдык өнүгүү министри: 355 107 сом
Калыкбек Султанов, транспорт жана коммуникация министри: 353 988 сом
Абдулда Суранчиев, ички иштер министри: 309 062 сом
Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин кирешеси тууралуу маалымат берилген эмес.