Кыргызстан менен Орусиянын Салык кызматтары Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү боюнча сүйлөшүштү

Кыргызстан менен Орусиянын Салык кызматтары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча сүйлөшүштү. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов башында турган делегация жакында Орусиянын Федералдык салык кызматында болушканын мекемеден билдиришти.
Иш сапардын максаты – Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү алдында салык кызматташтыгынын айрым жагдайларын талкуулоо, кошумча нарк салыгын жана импорт (экспорт) боюнча акциздерди эсепке алууну жүргүзүү иштери жана аларды төлөөнүн механизми боюнча консультацияларды өткөрүү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Орусиянын Федералдык салык кызматынын өкүлдөрү товарларды Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден импорттоо учурундагы салык көзөмөлү жөнүндө айтып беришти, ошондой эле товарларды импорттоо жана экспорттоо учурундагы кошумча нарк салыгына жана акциздерге салыкты эсептөөнү жана анын түшүшүн жүргүзүү боюнча суроолорго жооп беришти. Мындан сырткары Бажы союзуна мүчө мамлекеттер менен өз ара соодалашууда товарларды сатуу учурундагы операцияларга кыйыр салык салуу мезгилинде пайда болгон суроолорго түшүндүрмө беришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан