Бүгүн, 4-сентябрда парламент отурумунда депутат Чолпон Султанбекова өкмөткө эл арасында Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды. Айтымында, коомдо Бажы биримдиги боюнча түшүнүк аз болгондуктан, ар кандай туура эмес пикирлер жаралып жатат. “Элде Бажы биримдиги боюнча туура эмес түшүнүктөр пайда болуп жатат. Бул, албетте, туура эмес маалыматтардын жетип жатканынан улам болууда. Мисалы, "баалар жогорулап кетет", "азык-түлүктөргө карата баа өсөт" деген кептер бар. Өкмөт азыртадан эл менен сүйлөшүп, туура маалымат жеткирсе жакшы болот. Эртең ар кандай сөздөр күчөп кетпеши керек”,- деди Султанбекова.