Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков Ички иштер министрлигинин ишин сынга алды. Депутат аталган министрликтин кызматкерлери менен кылмышка шектүүлөрдүн тамагына бөлүнгөн акчанын айырмасына нааразы. Айтымында, СИЗОдо отургандардын тамагы үчүн күнүнө 110 сом, ал эми министрликтин кызматкерлери үчүн 34 сом бөлүнөт. "Милиция кызматкерлерине алар кармаган кылмышкерлердикинен да аз акча бөлүнүүдө. Бул эмне деген саясат? Мен кызматкерлерден "Өзүңөрдүн министриңерди бир жолу болсо да көрдүңөр беле?" деп сурасам, телевизордон гана көрөрүн айтышты. Мындай министр иштен кетип калышы керек",- дейт Исаков.