Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев баш болгон кыргыз делегациясы 4-ЭКСПО "Кытай-Евразия" жана "Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык" форумуна катышты. Делегациянын курамында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү бар. Бул тууралуу 4-сентябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Экономикалык багыттагы ири иш-чаралардын бири болгон форум "Ачык-айкындуулук жана кызматташтык. Улуу Жибек жолу аркылуу экономикалык багытты түзүү" аталыштагы ураан менен Үрүмчү шаарында 1-6-сентябрда орун алууда. Кытай-евразиялык экономикалык форумунда туризмди өнүктүрүү, соода, маданият жана коңшу мамлекеттерге инвестиция тартуу маселелери каралат.