Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети менен өкмөттүн биргелешкен жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан КРнын Бюджеттик кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйын өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана каржы эксперттери катышууда.
Комитет төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, Бюджет кодекси Кыргызстан үчүн эң маанилүү жана эң башкы каржы документи болуп саналат. “Бюджеттик кодексти кабыл алуу менен өлкөнүн жалпы каржы тартиби жөнгө салынат. Ал аркылуу бюджет тутуму уюштурулат, бюджеттик субъекттердин, бюджеттер аралык мамилелердин укуктук негиздери аныкталат”,- дейт ал.
Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Бюджет кодексинин долбоорун азырынча мыкты дегенден алыс экенин билдирди. “Ал биринчи окууда кабыл алынып, берилген сунуштар эске алынуу менен дагы бир катар оңдоп-түзөөлөр киргизилип жатат. Андан сырткары парламенттик угуунун жүрүшүндө да жүздөгөн сунуштар келип түшкөн, эл аралык уюмдар да өз сунуштарын берүүдө. Азыр аларды талдап чыгып, тандап алуу милдети турат”, - дейт ал.