Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев президент Эмомали Рахмонду Тажикстандын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Өлкө башчы телеграммасында эки өлкөнүн достук, коңшулук алакаларын бекемдөөгө, өз ара түшүнүшүү жана маданий баалуулуктарды сактоого, кыргыз-тажик конструктивдүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган жаратмандык саясатын жүргүзүүгө ишеним артарын билдирди. Рахмонго бекем ден соолук, бакыт жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жетишкендиктерди, Тажикстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалаганын 9-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.