Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 9-сентябрдагы отурумунда Кыргызстанда балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун бекитүү жөнүндө маселе каралды. Документти комитет жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев алып чыкты.
Программанын максаты балдардын укуктарын жана алардын кадыр-баркын урматтоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук деңгээлин басаңдатуу, жашы жетпегендердин кайталап кылмыш кылуусун алдын алууга багытталган.
Депутаттар талкуудан соң министрликтерге мектептерге укук бузуу, кылмыш, жоопкерчилик жаатындагы темаларда окуу программаларын иштеп чыгуу, иш-чаралар комплексин өткөрүүнү тапшырышты.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин кароосуна балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программанын долбоорун бекитүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды.