Үстүбүздөгү жылдын башынан бери керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери менен журналисттердин жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматтарга караганда, керектөө бааларынын өсүшү Жалал-Абад облусунда өзгөчө байкалат. Ал эми эң төмөнкү керектөө баалары Бишкек шаарында экени белгилүү болду.
Ал эми өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү 86491,9 миллион сомду түзгөн.