Кыргызстандын аскердик-техникалык жактан алсыз болуп жатышына депутаттар күнөөлүү. Бул тууралуу спикер Асылбек Жээнбеков парламенттин 10-сентябрдагы жыйынында айтты. Төрага Куралдуу күчтөрдүн тик учагы жайында Ысык-Көлдө кулап калганы боюнча маалымат угууда “кийинки жылы Кыргызстанда жаңы армия, жаңы учактар болот” деп билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын аскердик-техникалык жактан алсыз болуп жатышына депутаттар күнөөлүү.
“Мунун баарына биз, депутаттар күнөөлүүбүз. Убагында ушул жерден курал менен камсыз кылууга акча бөлдүрүп беришибиз керек болчу. Буюрса, кийинки жылы Кыргызстанда жаңы армия, жаңы учактар болот”,- деди Жээнбеков.