Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын парламенттер аралык комиссиясы Бажы биримдигин талкуулашат

Бишкекте Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен Казакстан парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги 4-жыйыны эртең, 12-сентябрда болот. Муну Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Жыйындын күн тартибинин долбооруна эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде эмгек миграциясына тийиштүү суроолор киргизилген. Эки өлкөнүн парламентчилери Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча пикир алышат.

Жыйындын алкагында эки өлкөнүн парламентчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшары айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан