Кыргызстанда стратегиялык маанидеги ишканалардын ишин атайлап токтоткон же үзгүлтүккө учураткан жетекчилерди жана кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунушталып жаткан мыйзам "Кумтөрдөн" башка да ири ишканаларга тийиштүү болуп калышы мүмкүн. Муну парламенттин 11-сентябрдагы жыйынында мыйзамдын демилгечиси Өмүрбек Текебаев айтты.
Жыйында депутат Айнуру Алтыбаева "Мыйзам долбоорунун маалым кат-негиздемесинде "Кумтөргө" гана басым жасалууда. Бирок документте үлүшү ички дүң продукциянын 2 же андан ашык пайызын түзгөн стратегиялык ишканалар жөнүндө сөз болуп жатат. Мындай ишканалардын катарына эртең башка ишканалар да кирип калышы мүмкүн" деп билдирген эле. Сунуш туура экенин белгилеген Текебаев: "Ички дүң продукциянын 5 пайызы - 15 миллиард сом. Ооба, мыйзам долбоору "Кумтөргө" гана негизделип даярдалды. Бирок убакыттын өтүшү менен башка ишканалар да бул аныктамага туш келип калышы мүмкүн",- деди депутат.