Эсенгул Исаков оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чек алынбаса, эл кышында көмүрсүз каларын айтты

ЖКнын бүгүнкү отурумунда депутат Эсенгул Исаков оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чек алынбаса, эл кышында көмүрсүз каларын айтты. Айтымында, депутаттар унааларга киргизген чек боюнча туура эмес чечим кабыл алып койгон. Эми аны кайра өзгөртүш керек.

Мектептерди электр энергиясы менен камсыздоо системине 1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында өткөнбүз. Бүгүн аны эске албай туруп көмүргө өткөрөбүз дегенде көп маселе жаралат. Эл бүгүн көмүргө өтө муктаж. Биз убагында ЖКда туура эмес мыйзам кабыл алып коюптурбуз. Жүк ташыган унааларга 15 тоннага чейин деп чек коюп койгонбуз. Бирок азыр андан ашыкча алып өтсө, пара алат же такыр өткөрбөй коюп жатат. Демек, кичинекей машиналар менен көмүр ташытып, бааны кымбаттатып жатабыз. Ошондуктан муну тез арада чечпесек, элге кыйын болуп жатат”,- деди Исаков.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан