Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери чек ара көйгөйүн талкуулашты

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек ара көйгөйүн талкуулашты. Сүйлөшүү Дүйшөмбү шаарында 12-сентябрда өткөн ШКУнун саммитинен кийин болду. Маалыматка таянсак, президенттер чек арадагы окуяларга тынчсызданышарын, аймактагы абалды оорлоштура турган бардык аракеттерге бөгөт коюу, татаалдашкан кырдаалды жөнгө салуу боюнча тийиштүү чараларды көрүү, окуяларды иликтөөнү тезирээк аягына чыгаруу зарылдыгын белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация иштерин тезирээк аяктоо керектиги айтылып, кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссияга чек ара иштерин жандантуу тапшырмасы берилди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан