Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына жана советтик жоокерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арналган автожүрүш акциясы Кыргызстанга келди. Казакстандан башталган "Эч ким, эч нерсе унутулбайт" аттуу кеңири масштабдагы автожүрүш акциясы Кыргызстанга келип, аны өткөрүп алуу салтанаты борбор калаанын И.В.Панфилов атындагы сейил багында уюштурулду. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын Ооганстан согушунун ардагерлери катышты.
“КМШ аймагында биринчи жолу өтүп жаткан мындай автожүрүш коомдук-саясий мааниге ээ болуп, жарандардын мекенди сүйүүгө болгон атуулдук сезимдерин бекемдөөгө зор таасирин тийгизет. Кыргызстандан автожүрүшкө 20дан ашык өкүл катышат”,- дейт уюштуруу тобунда иш алып барган Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбеков.