Кыргызстанда ГЭСтер курулуп жаткан жерлердин ээлерине компенсация төлөнөт. Муну парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 15-сентябрдагы жыйынында юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Министрдин айтымында, "Нарынгидро" долбоору боюнча ГЭСтерди курууга 667 гектар жер каралган. Мунун ичинде жеке менчиктеги жер тилкелери дагы бар.
Айта кетсек, комитетте "Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.