Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 16-сентябрдагы отурумунда “Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланууда. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, аталган мыйзам долбооруна ылайык, ар бир төрөлгөн наристеге жылына 300 миң сомдон берилет. Бул жакыр жашаган жаш үй-бүлөлөргө багытталат.
“Мамлекет үй-бүлөлөргө жардам бериши керек. Жакыр жашоонун айынан канчалаган жаштар ажырашып кетип жатышат. Ажырашкандан кийин ичип кетишет, балдар кароосуз калат. Жылына 5000 наристе төрөлсө, аларга 300 миң сомдон берилгенде 7 миллиард сом кетет экен”,- деди эл өкүлү.