Өлкөдө быйыл сугат суунун жетишсиз болушуна күнөөлүү облустук жана райондук суу чарба мекемелеринин айрым жетекчилери жана кызматкерлери иштен алынып, айрымдарына сөгүш жана эскертүү жарыяланды. Муну 16-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди.
"Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгына удаалаш облустагы суу каналдарындагы сууну берүүнүн тартиби өз учурунда жөнгө салынган эмес. Сугат маалында сууну бөлүштүрүү боюнча көзөмөл канааттандырарлык эмес жүргүзүлгөн деп табылды. Чүйдүн Жайыл жана Москва райондорунда сууну уруксатсыз алуу фактылары катталып, мунун кесепетинен Панфилов району сугат суусуз калган. Ушундай эле абал башка да облустук жана райондук суу чарба мекемелеринде катталды" деп билдирет министрлик.
Суу чарба жана мелиорация департаментинин коллегиясы кемчиликтерди эске алуу менен жылдын экинчи жарым жылдыгынын иш пландарын бекиткени айтылды.