Айыл чарба жана мелиорация министри
Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 16-сентябрда айыл чарба тармагы боюнча Кытайдан келген өкүлдөрдү кабыл алды. Кытайдын Мамлекеттик илимдер академиясынын окумуштуулары министр менен илимий багытта кызматташуунун жолдорун талкуулашты. Айдаралиев кытайлык окумуштууларга Кыргызстандын айыл чарбасы туурасында кеңири маалымат берип, бул тармакты өнүктүрүү үчүн эмнелер зарыл экенин айтты.
"Бүгүнкү күндө кыргызстандык жер иштетүүчүлөр тамчылатып сугаруунун жаңы ыкмасын өздөштүрүп жатышат. Мындан сырткары жер семирткич маселеси да курч бойдон. Азыр Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан химиялык жер семирткичтерди сатып алат, ал эми Кытайдан алып келүү кымбат турат. Андыктан Кыргызстанга жер семирткич чыгара турган ишкана ачуу зарыл",- дейт министр.
Кытайдын Айыл жана суу чарба министрлигинин Азык-түлүк жана тамак-аш институтунун директору Ван Дон керектүү маалыматтарды алган соң, айыл чарба багытындагы кызматташтыктын жаңы багытын карап чыгарын белгиледи.