Алмазбек Атамбаев бүгүн Адахан Мадумаровду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Адахан Мадумаровду кабыл алды. Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары талкууга алынды. Мамлекет башчы Кыргызстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө мамлекеттер менен мамилени өнүктүрүүгө терең маани берерин билдирди. Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катчылыгына ыраазычылык айтты. 
Мадумаров менен өлкө жетекчиси аталган кеңештин ишмердүүлүгү, уюмдун алкагында Кыргызстандын Казакстан, Азербайжан жана Түркия менен өз ара алакасын жандантуу боюнча да пикир алышканы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан