Коалициялык көпчүлүк министрлер Камила Талиеваны, Абдулда Суранчиевди жана Алиясбек Алымкуловду иштен алганы жатканы айтылууда

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн курамындагы бир катар министрлерди иштен алууну пландап жатат. Муну 16-сентябрда ЖКдагы жеке булактарыбыз билдирди. Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиеваны, ички иштер министри Абдулда Суранчиевди, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловду кызматтан бошотуу боюнча сөз болууда. "Ырыс алды - ынтымак" көпчүлүк коалициясы "Ата Мекен", "Ар-намыс" жана КСДП фракцияларынан турат.  

Айта кетсек, буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүүдөгү шалаакылыгы үчүн Талиевага сөгүш берилери айтылган эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан