Парламенттен кеткен аял-депутаттын ордун партиялык тизмедеги кийинки аял-депутат менен алмаштырууну көздөгөн мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте “Саясий партиялардын аялдар канаты” долбоорунун катышуучуларынын жолугушуусунда айтылды. Ага Жогорку Кеңештин аял-депутаттары да катышканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда партиялардын катарында турган жана ал уюмдарда иш жүргүзгөн аялдардын көйгөйлөрү менен айрым тоскоолдуктар жаатындагы маселелер талкууланды. Партия лидерлеринин аялдар канатына карата кош көңүл мамилеси башкы тоскоолдуктардын бири катары аталды. Жолугушуу катышуучуларынын пикиринде, шайлоо маалында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин түзө турган партиялардын саясий кеңештеринде аялдардын жоктугу да ошондой тоскоолдуктардан болуп саналат.
Жогорку Кеңештин депутаттары парламентте 30 пайыздык квотаны беките турган ченемдик-укуктук актты кабыл алуу зарылчылыгын айтышты. Алар ушу тапта парламенттен кеткен аял-депутаттын ордун партиялык тизмедеги кийинки аял-депутат менен алмаштырууну көздөгөн мыйзам долбоору иштелип чыгып жатканын билдиришти.