Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 17-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы аскерлеринин куралчан мыйзамсыз күчтөрдү жок кылууга багытталган атайын машыгуусун көрдү. Жоокерлердин алдында сөз сүйлөгөн вице-премьер "заманбап чакырыктардын жана коркунучтардын шартында, Ооганстандан НАТОнун аскерлеринин чыгарылышы маалында бул өлкөгө жакын жайгашкан бардык өлкөлөрдүн биринчи милдети - чек ара коопсуздугун камсыз кылуу" деп билдирди.
Маматалиев терроризм, баңгизат айландыруу кылмыштарынын кооптуулугун баса белгилеп, мындай машыгуулар ар бир жоокердин аскердик өнөрүн бекемдей турганын айтты.