Бишкек шаарында 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин "Өзүңдүн кан басымыңды бил!" аттуу акция өтөт. Шаардык саламаттыктык сактоо департаментинин билдиришинче, акция 25-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата уюштурулганы жатат. Максаты - калкты жогорку кан басымынын көйгөйлөрү тууралуу маалымдар кылуу, жогорку кан басымы менен жүргөн жарандарды аныктоо, оорунун кесепетинин алдын алуу. Бул күндөрү шаардагы бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда Ачык эшиктер күнү уюштурулуп, соода борборлорунда каалоочулардын кан басымын өлчөө иши жүрөт.