“Райондук, облустук соттордун судьялары Жогорку Соттун алдындагы Окуу борборунан өтүп турушу керек” деди депутат Туманов

Райондук, облустук соттордун судьялары Жогорку Соттун алдындагы Окуу борборунан өтүп турушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер комитетинин төрагасы Токтогул Туманов бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин “Парламент” радиосундагы маегинде билдирди.

Тумановдун билдиришинче, облустук, райондук соттордун судьялары жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамдардын иш жүзүндө колдонулушунан, алардын чечмеленишинен, эл аралык деңгээлде кабыл алынып жаткан мыйзамдардан кабардар болуу максатында Жогорку Соттун алдындагы Окуу борборунан өтүп турушу зарыл. “Андыктан бул Окуу борборунун ишин жолго коюу кажет. Каражатка байланыштуу гана анын иши солгундап турат, бирок аталган борбордун ишинин маанилүүлүгүн эске алуу менен аны кайрадан жандандыруу керек”,- дейт Туманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан