Кыргызстанда көз карандысыз тариф департаменти түзүлөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат Сабиров “Газдын баасы ылдыйлай тургандыгы айтылды. Анын негизинде ысык суу менен жылытуунун баасы төмөндөйбү?” деп суроо берди. “Кабыл алынган мыйзамдын негизинде өзүнчө көз карандысыз тарифтик департамент түзүлөт, ал кандай тарифтерди койсо, биз ошол тарифтерди коюшубуз керек”,- деди Оторбаев. Ал аталган департамент ысык суу менен жылытууга коюлган тарифтерди кайра кароо чечимин кабыл алса, кайра карала тургандыгын кошумчалады.