Кыргызстанда үйлөнүү тойлоруна чыккан унаалардын саны чектелет

Кыргызстанда үйлөнүү тойлоруна чыккан унаалардын санын 5тен ашырбоого багытталган мыйзам долбоорун парламент депутаттары 18-сентябрда 2-окуудан колдоду. Мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Демилгечи депутат Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, үйлөнүү тойлоруна чыккан унаалардын санын чектөөдөн сырткары, айдоочу адамды сүзүп алып, кырсык болгон жерден качып кетсе 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Ошондой эле унаа ээлери авто жарыштарга түшүп же дагы башка себептер менен бейбаштык кылса, 300 сомдон 500 сомго чейин айып пул салынмакчы.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан