Бүгүн, 19-сентябрда “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары маданият, маалымат жана туризм министри кызматына талапкер тандоо боюнча талкууну жабык эшиктин артында улантып жатышат. Фракция отурумдун аягында аталган министрликке ким көрсөтүлөрүн атайт. Маданият министри болуу үчүн 8 талапкер ат салышууда. Алар фракциянын жыйынында өз программаларын айтып бүтүштү.
Талапкерлердин тизмеси:
Алтынбек Максүтов, режиссёр
Жылдыз Бакашова, Улуттук китепкананын башчысы
Роза Аманова, ырчы
Максат Чакиев, Туризм департаментинин директору
Гүлмира Жумагулова, Эсептөө палатасынын инспектору
Айнагүл Чылабаева, ЖКнын депутаты Мамытбай Салымбековдун жардамчысы
Эркинбек Каимов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысы
Урмат Усенов, эстрада ырчысы