Бүгүн, 22-сентябрда айрым укук коргоочулар маалымат жыйын өткөрүп, анда: “Депутаттар Мусулмандар дин башкармалыгында “Таблиг жамаат” уюмунун жайылышына жардам берип жатышат. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана муфтият кызматкерлеринин 70 пайызы бул уюмга мүчө. Ал эми Токтомушев муфтийликке парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун жардамы менен келип отурган”,- деп билдиришти. Парламент төрагасынын басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев укук коргоочулардын айткандарын төгүнгө чыгарды.
Анын айтымында, спикерге карата бул айтылган сөз негизсиз. “Өзүн укук коргоочу деп атаган Келдибек Аскаралиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ички ишине кийлигишип жатат” деген билдирүүсү чындыкка коошпойт. Кыргызстандын муфтийи кимдир бирөө тарабынан кызматка дайындалбай, Уламалар кеңеши тарабынан шайланат. Мындай жагдай анын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде кадрдык чечимдерине да кимдир бирөөнүн таасир этүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Аскаралиевдин билдирүүсү бир тараптуу, атайын максатты көздөгөн мүнөздө болуп турат”,- деди басма сөз катчы.