Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 23-сентябрда маалымат жыйын берип, өзүнүн дарегине айтылган сындарды четке какты. "Спикер Асылбек Жээнбековдун менин кызматка дайындалышыма тиешеси жок",- деп билдирди муфтий. Токтомушев быйылкы ажылык сапарды уюштуруу ишиндеги каржы маселелери боюнча эч кандай көйгөй жок экенин, баары пландагыдай жүрүп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, кечээ, 22-сентябрда айрым укук коргоочулар муфтийдин экстремисттик уюмга мүчө экенин, бул кызматка аны парламент төрагасы
Асылбек Жээнбеков дайындаганын
айтып чыгышкан эле. Бул боюнча спикердин басма сөз катчысы да маалымат берип,
"төрага Асылбек Жээнбеков муфтияттын кадрдык ишине кийлигишкен эмес жана кийлигише албайт" деп билдирген.