Лейлек районуна быйыл кышында 18 миң тонна көмүр керек. Муну аталган райондун акими Тилеберди Арипов 22-сентябрда Сүлүктү шаарында өткөн кышка кам көрүү штабынын кеңешмесинде айтты. Баткен облусундагы көмүр ишканаларынын көбү Сүлүктү шаарында жайгашканы, бирок көмүрдүн баасы кымбат болуп жатканы айтылды. Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 1-октябрга чейин көмүрдүн баасын түшүрүү боюнча көмүр казуучу ишканалардын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүү тапшырмасын берди. "Эгер 1-октябрга чейин көмүрдүн баасы арзандабаса, акимдер иштен айдалат. Алгач элди көмүр менен камсыздап, андан кийин коңшу өлкөгө экспорттош керек",- деди Маматалиев.
Өкмөт өкүлү отун базаларына Сүлүктү көмүрүнүн 1 килограммы 4,5 сомдон жеткирилип, калкка 8 сомдон сатылып жатканын кошумчалады.