Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Достук-2013" эл аралык кубогунда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Латвиянын командасын жеңип чыкты.
Көңүл жубатуучу мелдештин алкагында командалар мелдештин негизги убактысында 1:1 эсеби менен тең чыкты. Негизги убакыт аяктаган соң пеналтилер сериясы дайындалып, анда кыргызстандыктар 5:3 эсебинде атаандаштарын жеңип чыкты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча оюнчулар Адыл Болотбеков жана латвиялык Глебс Клюшкинс "Мыкты оюнчу" деп табылышты. Кийинки оюнда Кыргызстандын командасы 9-орун үчүн Эстониянын курама командасы менен ат салышат.