Нарын. Мал уурулук 47 фактыга азайды

Нарын облусунда мал уурулугу боюнча катталган кылмыштар жалпы иштин 26,4 пайызын түзөт. 2012-жылдын 9 айында облустун аймагында 84 мал уурулугу катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 47 фактыга азайган.   Ошондой эле Нарында мал уурулукту кесип кылган 61 адам кармалып, мунун ичинен 36 адамдан турган 14 кылмыштуу топ 33 мал уурдаганы оперативдик иликтөө иштеринин негизинде ачыкка чыккан. Мал уурулукка жана мал жоготууга байланышкан жалпы 280 арыз-даттануулар катталган. Мунун ичинен 75 арыз боюнча кылмыш иши козголуп, бардыгы 152 баш мал уурдалып, алардын 116сы ээлерине кайтарылып берилген.        
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан