"Бир бол" партиясы Бишкек шаарынын тарыхын чагылдырган "Фотосушка" аттуу көргөзмө өткөрдү

“Бир бол” партиясынын Бишкек шаардык жана жаштар комитеттери Бишкектин негизделген күнүнө карата Эркиндик бульварында “Фотосушка” аттуу фотосүрөттөрдүн көргөзмөсүн өткөрдү. Иш-чара Пишпек-Фрунзе-Бишкек шаарынын тарыхын чагылдырды. Көргөзмөдө шаардын тарыхын чагылдырган миңден ашуун фотосүрөттөр кадимки кыпчыткыч менен карматылып, жипке илинди. Шаар тургундары да өздөрү тарткан сүрөттөрдү алып келип, илип, жаккан эмгектер менен алмашты. Каалоочулар сүрөтүнө кол тамгасын, байланыш номерлерин калтырышты. Ошондой эле фотосүрөттүн келечектеги ээсине каалоо-тилектер жазылды.

Жайында “Бир бол" партиясы сурамжылоо жүргүзүп, анда жаштардын өзүнүн мамлекетинин тарыхына кызыкпаганы аныкталганын “Бир бол” партиясынын Жаштар комитетинин төрагасы Атай Бейшенбек уулу билдирди. “Ошондуктан биз дүйнөгө белгилүү болгон “Фотосушка” аталышындагы көргөзмөнү Бишкекте да өткөрүүнү чечтик. Бул фотоэмгектер аркылуу Пишпек, Фрунзе жана Бишкек шаарынын тарыхын, күнүмдүк турмушун, кызыктуу жерлерин аз да болсо көрсөтө алдык деп ойлойм,- деп кошумчалады Атай. 

Кененирээк маалымат бул жерде:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
advert
2014-10-01 14:05:06
Бир Бол элим бир бол!
0
Aida91
2014-10-01 14:26:58
Очень интересный проект, мне понравилось)))
0
tairbek
2014-10-02 00:58:28
Оо бул партияда жалан байлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан