“Баткендеги мектептердин 10 пайызы гана план менен салынган” дейт депутат Карамат Орозова

Баткен облусундагы мектептердин 10 пайызы гана план менен салынган. Калгандарынын баары 1960-1970-жылдары ашар ыкмасы менен курулган”,- деп билдирди депутат Карамат Орозова. Депутат бул тууралуу 1-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде айтты. Анын айтымында, андай шартта балдарды окутуу опурталдуу. Ошол мектептердин пайдубалдары цементтен эмес, таштардан тизилип коюлгандыктан, мектептердин дубалдары азыр жерге батып бара жаткан абалда.

Баткен облусу балдар бакчаларына өтө чоң муктаж болуп жатканына токтолгон депутат буларды айтты: “Облустун борборунда 22 миң калк жашаса, алардын балдары үчүн эки гана балдар бакчасы иштеп жатат. Алар дагы Союздун убагында 140 орунга ылайыкталганы менен, азыр анда тарбияланып жаткан 510 бала бар. Кезекте тургандары да бир топ. Ошондуктан ар бир мекеме-ишкана чоң балдар бакчаларын ача алышпаса дагы, жок дегенде 50 орунга чейинки балдар тарбиялана турган ведомстволук балдар бакчаларын ачса, кырдаал кыйындабас эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан