Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Октябрь районунда президент
Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүчү жатак-мектебинин ачылыш аземи болот.
1990-жылдан бери бул мекеме №71-жалпы орто билим берүүчү мектеп болгон. Бишкек шаардык кеңешинин 2014-жылдын 18-февралындагы токтому менен бул окуу жай жетим жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар тарбиялана турган жай болуп өзгөртүлгөн. Учурда аталган интернатта 556 бала окуйт, алардын 142си жетимдер.Окуу жайдын капиталдык оңдоо иштерине Түркия 700 миң доллар бөлгөн. Жатак-мектептин ачылышы кароосуз калган балдарды колдоо максатында Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ишке ашырылган.