Бүгүн, 3-октябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги айыл чарба тармагындагы инновациялык технологияларды жайылтуу максатында Кызылча-талаа күнүн өткөрөт. Муну министрликтин маалымат кызматы билдирди. Быйыл өлкөдө 8 миң гектар жерге кант кызылчасы айдалганы айтылды. "Иш-чарада дыйкандар өз ара сүйлөшүп, тажрыйбаларын ортого салышып, кызылчаны жыйноону заманбап техникалардын жардамы менен кыска мөөнөттө бүтүрүүнүн жолдорун үйрөнүшөт. Иш-чарада Түркияда жасалган кант кызылчасын казып жыйноочу комбайн иш жүзүндө көрсөтүлөт",- деп айтылат маалыматта. Кызылча-талаа күнү Кант шаарында жайгашкан “Чоң-Арык” дыйкан чарбасында өтөт.