“Түркиядан дагы бир жолу акчалай жардам сурадым” деди Алмазбек Атамбаев

Бүгүн, 3-октябрда президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бишкектин Октябрь районундагы Тоголок Молдо атындагы №71-жалпы орто билим берүүчү жатак-мектебинде болду. Өлкө башчы: Мен жакында Түркияга барганда дагы бир жолу акчалай жардам сурадым, бул жардам көрсөтүлөрүнө толук ишенем,- деп билдирди.

“Бирок биз башка мамлекеттердин колун карабай, өзүбүз иштешибиз керек. Качанкыга чейин башка өлкөлөрдөн жардам сурай беребиз?! Бизде бакылдаган саясатчылар көп, ал эми пайдасы тийгендер аз. Өлкөнүн экономикасын жогорулата турган ишкана жакшы иштеп жатса, ошол эле бакылдагандар барып баса калышат. Ошентип ишкана токтоп калат, экономикабыз өспөйт. Ошондуктан мындай укук бузуучуларга мамлекет чара көрүшү керек, аларга карата күч колдонуу зарыл”,- деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан