Бүгүн, 3-октябрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевди ИИМдин өздүк курамы менен тааныштырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ведомствонун басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробек Абдраимов билдирди. “Өкмөт башчы министрди жамаат менен тааныштырып жатып алдыдагы аткарыла турган иштерди тездетүү керектигин айтты. Ошондой эле Турганбаевге жана жамаатка ийгиликтерди каалады”,- деди Абдраимов.
Ал эми президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 3-октябрда Мелис Турганбаевди мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуп, ички иштер министри кылып дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгонун президенттик аппараттан билдирди.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында ички иштер министри кызматына депутаттар Мелис Турганбаевдин талапкерлигин карап, жыйынтыгында 88 добуш менен аны министр кылып шайлашкан.