Акыркы жылдары "Түндүк электр" ишканасынын 5, "Ош электрдин" 6 кызматкери иштен айдалды

2013-2014-жылдары Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун энергетика комплекси ишканасынын бир катар кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, сот күнөөлүү деп тапкандары иштен айдалды. Бул жааттагы иштер боюнча аталган министрлик буларды билдирет: 
"Кыргызстан улуттук электр станциялары" ААКсынын 4 кызматкерине 2012-жылы кылмыш иши козголуп, учурда ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту кароодо. 
"Ош электр" ААКсы боюнча 6 кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында күнөөлүү деп табылган 6 кызматкер иштен айдалды.
"Түндүк электр" ААКсында жетекчиликтин ишенимин жоготкону үчүн 2014-жылы 5 кызматкер иштен айдалган.
"Чыгыш электр" ААКсы боюнча 2 кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 
"Көмүр" мамлекеттик ишканасынын мурунку башкы директоруна жана башкы эсепчисине карата бир нече берене боюнча кылмыш иши козголгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан