Чүй облусунун Аламүдүн районунда тоноочу капысынан келип калган үй ээлерине ок атты

Чүй облусунун Аламүдүн РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперлери жана аймактык инспекторлору тарабынан кылмыш изи сууй электе өлтүрүү үчүн кишиге кол салган адам кармалды. Кылмышка шектелип кармалгандан аңчылык бычак жана кичикалибрлүү ТОЗ үлгүсүндөгү мылтык тартылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Окуя төмөндөгүчө болгон. 2-ноябрда Аламүдүн районуна караштуу айылдардын биринин аялы менен күйөсүнөн турган тургундары үйүнө келип ууруну жолуктурушкан. Белгисиз адам үй кожоюндарын байкап калып качып кетүүгө аракет кылган. Кармоого аракет кылган учурда ал ок атуучу куралдан атып качып, алма бактын аймагы тарапка качып кеткен. Белгилүү болгондой, кылмышкер үйгө түнү эле кирген экен. Үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, ал шашпай үйдү тинтип чыккан. Айрыкча ТОЗ үлгүсүндөгү мылтыкты 5 огу менен жана аңчылык бычагын өзү менен ала кеткен. Ууру үйдү тоногондон сырткары, тамактанууга жана уктап алууга жетишкен. Үйдөгү сейфти да ачууга аракет кылган. Гаражда турган Тойота Лэнд-Крузер автоунаасын да айдап кетмекчи болуп, от алдырам деп зымдарын үзүп салган. Жабырлануучулар милиция чакырышкан. Окуя болгон жерге ошол замат Аламдүүн РИИБинин кызматкерлери жетип келишкен. Милиция кызматкерлери аталган айылдын тегерегин текшерип жүрүп, ошол эле аймактан кылмышка шектүүнү кармашкан. Анын өздүгү аныкталып, ал 1987-жылы туулган К.М. аттуу ушул эле райондун тургуну болуп чыккан. Аламүдүн РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан 28-97-берене (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан