Депутат Максат Сабиров “Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин жаштардын баары Орусияга кетип калбайбы?” деди парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында. Депутат Орусияга кете албай жүргөн жаштар көп экенин белгилейт. “Бизде жакшы иштегендердин баары эле Орусияга кетип калышты. Айылда жумушка жарактуулар калбай, чал-кемпирлер гана отурат. Бажы биримдигине киргенден кийин мигранттардын чыгып кетүүсүнө дагы аябай чоң түрткү пайда болот. "Орусия жардам берип жатат" деп эле карап отурбай, жаштарды өз жеринде алып калуу үчүн аракеттерди көрүшүбүз керек”,- дейт Сабиров.
Экономика министри Сариев: “Бизде жумуш жок болуп жаткан соң, жаштарды байлап койсоң да турбайт экен”,- деп жооп берди.