Быйыл Социалдык өнүгүү министрлигинин тутумунда иштеген 240 кызматкер класстык чин алды

Кыргызстанда быйыл Социалдык өнүгүү министрлигинин тутумунда иштеген 240 кызматкер аттестациядан өтүп, тийиштүү класстык чиндерди алышты. Муну 7-октябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аттестациядан өткөн кызматкерлердин көбү Ош жана Жалал-Абад облустарында. 
Жалал-Абад облусунда 67, Ош облусунда 50, Талас облусунда 34, Нарын облусунда 26, Ысык-Көл облусунда 24,
Баткен облусунда 20 кызматкер сынак тапшырышкан. 
Ошондой эле министрликтин борбордук аппаратында иштеген 19 кызматкер аттестациядан өтүштү. Мындан башка да сынактар орун алган. Жалпы 240 кызматкерлер класстык чиндүү болушкан. Министрлик 9 айда 3 жолу бош кызмат орундары үчүн сынак уюштурганы, жыйынтыгы менен 11 адам ишке орношкону айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан