Кыргызстандын Орусиядагы элчиси аталган өлкөдөгү кыргызстандык студенттерди мыйзамды бузбоого чакырды

Быйыл Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшырган кыргызстандык студенттер менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жолугушуу өткөрдү. Муну 7-октябрда элчиликтен кабарлашты. Жолугушууга 80ден ашык студент, орусиялык ЖОЖдордо окутуучу болуп иштеген кыргызстандыктар катышканы айтылды. Жунусов жаштардын окууларына ийгиликтерди каалап, тандаган кесиптерин мыкты өздөштүрүшүн каалады. "Элчи Орусиядагы окуу жайларды аяктагандан кийин жаңы адистер алган билимдерин өз мекени үчүн пайдаланарына ишенерин билдирди. Ошондой эле бардык студенттерди Орусиянын мыйзамдарын так сактоого, Кыргызстандын жүзүн Орусияга татыктуу көрсөтүүгө чакырды",- деп айтылат маалыматта.  
Жолугушууда консулдук кызматтын өкүлдөрү ар кандай укуктук көйгөйлөр, "кара тизмеге" кирип калган кыргызстандыктар тууралуу маалымат беришкени айтылды. "Кара тизмеге" кирип, кайра чыгарылган Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин студенти Каниет Өмүралиева бул тизмеден чыгуу үчүн жасаган аракеттери менен бөлүштү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан