Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан 2 киши каза болду
4-ноябрда болжол менен саат 14:00 чамасында Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, Нарын облусунун тургуну 43 жаштагы Н.Т. Бишкек-Торугарт унаа жолунда баратып 43 жаштагы К.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну башкарып бара жаткан Даймлер-Бенц-411 жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында Пассаттын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү (аты-жөнү тактала элек, 30-35 жаштардагы азиат улутундагы эркек) ошол жерден жан берген. Ал эми жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгы кандай жагдайда болгондугу аныкталууда. Иликтөө жүрүп жатат.