Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын сентябрына чейин 56 мыйзам долбоорун карады. Мунун 29у коргоо багытында, 17си коопсуздук боюнча, калганы башка багыттагы мыйзам долбоорлору. Бир жыл ичинде комитет 35 жыйын өткөрүп, жалпы 121 маселе каралган. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, комитетке мыйзам долбоорлорунун 42син өкмөт, 12син Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган. Мындан башка токтом долбоорлру каралганы айтылды.