24-январда Талас шаарында КВН боюнча облус аймагындагы командалар арасында ачык мелдеш болуп өттү. Мелдешке облустагы “Nasha Talasha”, “Позитив”, “Бакай-Ата KG”, “Аралаш” жана “Мы же Биз” командалары катышып, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулашты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен “Nasha Talasha”, “Бакай-Ата KG” жана “Аралаш” командалары оюндун кийинки этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.