Абдрахман Маматалиев: "Депутаттар деле кадимкидей адамдар, алардын баарынын эле чет өлкөдөн эс алууга акчасы боло бербейт"

Депутат Абдрахман Маматалиев Жогорку Кеңешке караштуу пансионаттардын сатылышына каршы. “Депутаттар деле кадимкидей адамдар, алардын баарынын эле чет өлкөгө барып эс алып келүүгө каражаты боло бербейт. Ал эми Жогорку Кеңешке караштуу пансионаттарга 50 пайыздык арзандатуу менен барып турушат. Мен аларды сатууга каршымын”,- деди депутат. Айта кетсек, бүгүн, 28-январда “Жогорку Кеңештин эффективдүүлүккө багытталган бюджети: өнүгүүнүн жаңы форматы” аттуу парламенттик угуу болду. Анда депутат Өмүрбек Абдрахманов ЖКга караштуу пансионаттар менен ашыкча унааларды сатып, түшкөн каражатка Баткенге чек ара бекетин куруу сунушун айтып чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан